Сары-Ой а., Чолпон-Ата ш., 14 км аралыкта жайгашкан
 
Территориясы

Кенен пляжда аквапарк, түрдүү кафелер жана барлар жайгашкан. Бийикте жайгашкандыктан Ысык-Көлдө ультра кызгылткөк нурлар көбүрөөк, андыктан Кара деңиз курортторуна салыштырмалуу элдер күнгө тезирээк күйүшөт, дене ашыкча күйүп калбасын үчүн күнгө этияттап күйүү кеңештелет.

Күндүн ачуу нурларынан теннистик аллеялар сактап калат, “Радуганын” аллеяларында дайым салкын, гүл жана карагай жыттанып турат. Түрдүү бактардын, бадалдардын жана гүлдөрдүн көптүгүнөн “Радуга” эс алуу борборун ботаникалык бак деп аташат.

Жайгашуусу

Ысык-Көл – жаратылыштык касиеттери боюнча уникалдуу көл. Түндүк Тянь-Шань кырка тоолорунун арасында деңиз деңгээлинен 1609 м бийиктикте жайгашкан. Туптунук суусу менен таза салкын абасы, жан кейиткен күндүн аптабынын жоктугу жана жаратылышынын керемет кооздугу Ысык-Көлдү дүйнөнүн бардык булуң бурчунан келген миңдеген туристтердин сүйүп келген жайына айландырат.

”Радуга” эс алуу борбору Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан, анын кенен территориясы жапжашыл бак-дарактар менен түркүн түстөгү гүлдөргө оролгон.