Сары-Ой а., Чолпон-Ата ш., 14 км аралыкта жайгашкан
 

Жакшы эс алуу – бул эң алгач даамдуу тамак-аш.

Биздин ашпозчулардын тамак-аштарынын даамдуулугунун сыры жөнөкөй – жаңы продуктылар, кесипкөйлүк жана тажрыйба. Тамак-аштарыбыз көбүнесе дүйнөнүн үч ашканасына тиешелүү – европалык, орус жана азиялык ашканаларга. Биздин шеф-ашпозчуларыбыз Ысык-Көлдүн жээгидеги эң мыктылар деп эсептелет, андыктан элдин көбү бизге даамдуу ашканабызга кызыгып келишет. Ресторандарыбызда даамдуу даярдалган үй тамак-аштарынын өзгөчө духу сезилип турат. Ысык-Көл жан дүйнөгө бейпилдик тартуулай турган болсо, даамдуу тамак-аш жандүйнөнү кубантып, кардыңызды тойгузат!

Ресторанда коопсуздук үчүн “швед столунун” ордуна комплекстүү тамактануунун негизинде меймандарды персоналдуу тейлөө каралган

  • Ресторандарда тамактануу – комплекстүү.
  • Балдар үчүн: балдар порциялары.
    Балдар үчүн отургучтар бар.
  • Ресторандардын иш убактысы:
     8.30-10.00  Эртең мененки тамак – швед столу
    13.00-14.30  Түшкү тамак
    19.00-20.00  Кечки тамак (кышында 18.00-19.00)
  • Ресторандан тамак-аш жана идиштерди алып чыгууга тыюу салынат.
Швед столу

“Радуга” эс алуу бордорунун ресторандарында салттарды сыйлашат! Бүгүнкү күнү бизде чындыгында эле ассортименти боюнча укмуштуудай швед столу
Швед столу ар күнү 8.30 дан 10.00 го чейин иштейт, салаттардын, ысык тамактардын, сүт азыктарынын кеңири ассортименти, ошондой эле биздин кулинарлар менен кондитерлер тарабынан даярдалган ундан бышырылган уникалдуу таттуулар бар.

Кофе-брейк

Кофе-брейк – конференция жана семинарларды уюштуруунун маанилүү бөлүгү.

Меймандар кыска убакыттын ичинде эс алып жана андан ары интеллектуалдык ишин улантуу үчүн күч топтоп алышы керек. “Радуга” эс алуу борборунун тамак-аш кызматы кофе-брейктин түрдүү менюсун сунуштайт.

Тамак-аш кызматынын менеджери атайын сиз үчүн индивидуалдуу менюну тандап алууга жардам берет.

Кененирээк...

Үйлөнүү үлпөттөр, банкеттер жана фуршеттер

Биз бардык ишчараларды толугу менен (“ачкычка чейин”) өз мойнубузга алууга даярбыз: сахна, үн жана жарыктын коштоосу, шоу-программалар.

Ишчараны өткөрүүгө буйрутма бериңиз

E-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.