Сары-Ой а., Чолпон-Ата ш., 14 км аралыкта жайгашкан
 
 
Иш убактысы:
8.30-10.00 Эртең мененки тамак. Швед столу
Түшкү тамак 13.00-14.30
Кечки тамак 19.00-20.00 (кышында 18.00-19.00)

Үйлөнүү үлпөт, банкет жана фуршет уюштуруу

E-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Биздин команда сизге даамдуу ашкананы жана жогорку даражадагы сервисти сунштап, ишчараны кынтыксыз өткөрүүгө жардам берет!

Биз бардык ишчараларды толугу менен (“ачкычка чейин”) өз мойнубузга алууга даярбыз: сахна, үн жана жарыктын коштоосу, шоу-программалар.

Биз ошондой эле эртең мененки тамак- швед столун, түшкү тамак – швед столун, кечки тамак- швед столун, биздин конференциялардын катышуучулары үчүн кофе-брейктерди өткөрөбүз.

1-ресторан бассейндин жанында, административдик борбордун тушунда жайгашкан. Ресторандарыбыздын жылуу түстөрдөгү интерьери жайлуу жана жагымдуу атмосфераны жаратат, жайкы сезондо дасторкон террасаларда жайылат.

Жакшы эс алуу – бул эң алгач даамдуу тамак-аш. Биздин ашпозчулардын тамак-аштарынын даамдуулугунун сыры жөнөкөй – жаңы продуктылар, кесипкөйлүк жана тажрыйба. Тамак-аштарыбыз көбүнесе дүйнөнүн үч ашканасына тиешелүү – европалык, орус жана азиялык ашканаларга. Биздин шеф-ашпозчуларыбыз Ысык-Көлдүн жээгидеги эң мыктылар деп эсептелет, андыктан элдин көбү бизге даамдуу ашканабызга кызыгып келишет. Ресторандарыбызда даамдуу даярдалган үй тамак-аштарынын өзгөчө духу сезилип турат. Ысык-Көл жан дүйнөгө бейпилдик тартуулай турган болсо, даамдуу тамак-аш жандүйнөнү кубантып, кардыңызды тойгузат!

Ресторандарда тамактануу – комплекстүү.

Балдар үчүн: балдар порциялары.

Каалаачулар үчүн балдар отургучтары берилет.
Бар бар (акы төлөө менен).