Сары-Ой а., Чолпон-Ата ш., 14 км аралыкта жайгашкан
 
 

 

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы 2001-жылы ЮНЕСКО тарабынан таанылып, Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттардын тутумуна кошулган. Анын максаты – региондун экологиялык жана экономикалык өнүгүүсү, ошондой эле анын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактап калуу. Биорезерваттын флорасын өсүмдүктөрдүн 1500 дөй түрү түзөт. Бул жактан сүт эмүүчүлөрдүн 54 түрүн кезиктирсе болот, анын 9 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Ысык-Көлдүн жээгинде Кара деңизге салыштырмалуу күнөстүү күндөрдүн саны кыйла көп. Таза кумдуу жээктери, тоонун салкын абасы, жумшак климаты, термо-минералдык булактары, дарылоочу баткактары Ысык-Көдү туристтер агылып келген жайга айлантат. Тянь-Шандын берметинин жээктери көптөгөн табышмактуу сырларды өзүндө катып келет. Кылымдардан берки бирин-бирин алмаштырып келген көчмөн уруулардын маданияттары бул жакта өз эстеликтерин калтырган: муз доорунда жашаган байыркы адамдардын туруктары, байыркы дөбөлөр, аскага чегилген сүрөттөр, сырдуу скульптуралар, суунун түбүндөгү шаарлардын урандылары.

Кышкы Ысык-Көл – бул кышкы каникулду өткөрүү үчүн сыйкырдуу жай. “Каракол” тоолыжа базасына (Борбор Азиядагы эң ири тоолыжа базасы) сапар жаңы баргандарды эле эмес, лыжа тебүүнүн чебери болгон кесипкөйлөрдү дагы көңүлкош калтырбайт. Ал эми экстремал альпинисттерди Тянь-Шандын бийик чокулары дайым күтөт.

Жайкы экскурсиялар үчүн бир күндүк жана көп күндүк кызыктуу турлар иштелип чыккан. Жайкы турлар үчүн кийимдер: ыңгайлуу бут кийим, шамал-суудан коргоочу же жылуу кийим, баш кийим.

Жети-Өгүз капчыгайы. “Радуга” эс алуу борборунан: 130-200 км аралыкта (маршрутка жараша). Узактыгы: 10 саат.
“Жети-Өгүз” менен “Жарылган жүрөк” тоо ансамблдары Ысык-Көл облусунун символдору болуп калган. Алар жөнүндө уламыштар айтылып келет. Жапжашыл токойлор көз жоосун алат. Керемет “Гүлдөрдүн өрөөнү” “Жети-Өгүз” курортунан бир нече километр аралыкта жайгашкан. Жаратылыштын ажайып кооздугу менен тоонун таза абасы бул жерге өзгөчө көрк берип, туристтерди кызыктырып келет. Турга Каракал шаарын кыдыруу кирет: Троиц православ чиркөөсүнө, бир мыксыз курулган дунган мечитине жана Н. М. Пржевальскийдин музейине баруу.

Григорьев капчыгайы (түндүк жээк). “Радуга” эс алуу борборунан 67 км аралыкта жайгашкан. Узактыгы 3 саат 30 мүнөт
Семенов капчыгайы (түндүк жээк). “Радуга” эс алуу борборунан 70 км аралыкта жайгашкан. Узактыгы 4 саат
Григорьев жана Семенов капчыгайлары – Ысык- Көл облусунун эң кооз капчыгайлары. Тянь-шандын карагайлары тоонун бетинин көркүн арттырса, коктуну аралап аккан тунук суунун добушу кулакка мукам күүдөй угулат. Салкын абада түркүн чөптүн жыты аңкыйт. Жайында бул жерде боз үйлөр тигилип, каалоочулар кыргыз ашканасынын бешбармагын жеп, кымызын ичип, кылым карыткан кызгыз элинин турмуш-тиричилиги менен тааныша алат. Ат мингенди сүйүүчүлөр үчүн атчан сейилдөө уюштурулат. Ошондой эле каалоочулар аңчылыкка багытталган куштар менен сүрөткө түшө алышат.

Барскоон капчыгайындагы жана Жомоктор өрөөнүндөгү шаркыратмалар каскады. “Радуга” эс алуу борборунан 250 км аралыкта жайгашкан. Узактыгы 10 саат.
Капчыгайдын бети тянь-шань карагайлары жана кооз бадалдар менен жабылган. VIII–XII кылымдарда Барскоон капчыгайынын оозунда капчыгайга кирип-чыккан жер менен Жибек жолунун бир бөлүгүн түзгөн Барскоон жана Бедел ашууларын көзөмөлүндө кармаган хандын турагы болгон. Капчыгайдан асман тиреген мөнгүлүү аппак чокуларды көрүүгө болот. Барскоондун шаркыратмалары да укмуштуудай көрктүү, эң бийиги 100 метрди түзөт. Суунун шары 100 м бийиктиктен агылып келип чоң күч менен жерге тийип, кулпурган сан жеткис бүркүндүлөргө бөлүнөт. Жомоктор өрөөнү Барскоон капчыгайынан алыс эмес жайгашкан. Жаратылыш кызыл чопо жана кумдан уйкуга баткан мунаралар менен укмуштуудай жаныбарлардын жомок шаарчасын куруп, 5 километрге созулган “Кытай сепили” каньону менен коруп койгон.

Туздуу көл. “Радуга” эс алуу борборунан 170 км аралыкта жайгашкан. Узактыгы 10 саат.
Израилдеги өлүк деңиздин аналогу. Курамындагы минералдык туздардын көптүгүнөн улам ага түшүү тери ооруларына, муун жана дем алуу органдарын айыктырууга жардам берет. Көлгө түшүү чоң машакат жаратпайт, кыймылдабай суунун үстүндө чалкаңдан жата берсең болот, чөкпөйсүң. Көлдүн дарычылыгы бар баткагы менен косметологиялык көгүш чопосун денеңизге сыйпап пайда алсаңыз болот.

«Рух Ордо Ташкул-Ата» маданият борбору, петроглифтер.  “Радуга” эс алуу борборунан 20 км аралыкта. Узактыгы 3 саат.
Керексизовдун идеясы боюнча комплекстин уникалдуулугу ислам, православ, католик, буддизм жана иудаизм диндери болгон 5 диндин бир жерге, бир асмандын алдына чогулгандыгында. Кудай бардыгы үчүн бир – бул руханий борбордун постулаты ушул. Динине жана улутуна карабастан бул жакка келгендердин бардыгы өзүн ааламдын бир бөлүкчөсү деп санап, бул жактагы жымжырттыктан, тынчтыктан ырахат алып, терең философиялык ойлорго батып, жашоонун маңызы жөнүндө ой жүгүртө алат.
Петроглифтер аска таштардын бетине тартылган сүрөттөр – таштардын бетиндеги он миңдеген сүрөттү камтыган ачык асман алдындагы музей (42 га). Ал жакта бугулардын, тоо эчкилеринин жана аңчылыкка байланышкан сүрөттөр бар. Балким мурда музейдин ордунда байыркы адамдар Кудайга сыйынчу храм болгон. Таштардын көлөмү 0,3-3 метр.

Ысык-Көлдү айланган тур. Туздуу көл, Жомоктор өрөөнү, Барскоон капчыгайынын шаркыратмалары, Жети-Өгүз капчыгайы. Аралыгы 550 км. Узактыгы 2 күн.
Жети-Өгүз капчыгайындагы боз үйлөрдөгү түнөк учурундагы түндүктөн көрүнгөн бажырайган жылдыздар сиздин эсиңизге өмүр бою унутулгус таасир калтырат, каалоочулар жыгач такталарда уктаса болот. Улуттук тамак-аштарды даярдоого катышсаңыздар дагы болот.

Тоодогу балык уулоо. Узактыгы: жарым күн жана толук күн.
Жаңы кармалган балыктан бышырылган уха даамдуу жана өзгөчө буркураган жытка ээ болот. Убакытты мындача өткөрүү балык уулоону сүйүүчүлөр эле эмес, бардык адамдарга ырахат алып келет.

Ат үстүндөгү турлар. Узактыгы жана убактысы: буйрутма берген адамдын каалоосу боюнча
Тоодо, өрөөндө жана ипподромдо. Маршруттун татаалдыгы ат үстүндөгү көндүмго жараша болот. Жоош аттар берилет. Сейилдөөнүн алдында дыкат инструктаж берилет. Ипподромдон жигиттер менен ат минген жагынан алардан кем калышпаган кыздардын катышуусундагы кызыктуу улуттук ат оюндарын көрүүгө болот.