Сары-Ой а., Чолпон-Ата ш., 14 км аралыкта жайгашкан
 

“Радуга Плюс” эс алуу борбору кайрымдуулук иши жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуусунун аркасы менен Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө активдүү катышып келет. “Радуга” эс алуу борбору ЖЧКсынын түзүлгөндүгүнөн тартып Сары-Ой айылынын социалдык-экономикалык абалы эле эмес, айылдын тургундарынын жашоо деңгээли дагы жакшырды.

  • 2004-жылы “Радуга” эс алуу борбору Сары-Ой айылын телефондоштуруу үчүн Баетов айылына телекомдун имаратын куруп, аны заманбап санариптик жабдыктар менен камсыздаган.
  • 2010-жылы суу чыгаруучу насос күйүп кетип, аны оңдоого каражаттын жоктугунан айыл тургундары ичүүчү суусуз калганда насосту оңдоого 60 000 сом өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтүлгөн.
  • Жол ремонттолун, Сары-Ой айылынын сейилбак-пляждык зонасы абатталган: кум тазаланып, пляждык чатырчалар коюлуп, таштанды тазаланган.
  • 2014-жылы фельдшердик-акушердик пункт үчүн имарат курулуп берилди (3 500 000 сом), буга чейин кош бойлуулар, төрөчү аялдар, кичине балдар ата-энелери менен медициналык жардам алуу үчүн коңшу айылдарга барышчу.
  • 2020-жылы Сары-Ой айылынын жергиликтүү пляжына 2 чатыр куруу үчүн 400 000 сом бөлүнүп берилген.
  • Сары-Ой айылынын социалдык-маданий ишчараларын уюштуруу жана өткөрүү иштерине спонсордук жардам берилип келет.

ЖАШТАРДЫ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫ КОЛДОО

  • Стипендиалдык программа. “Радуга” эс алуу борбору тарабынан ай сайын берилүүчү энчилүү стипендия – 2000 сом. Аз камсыз болгон үй-бүлөдөн чыккан 2 студентке бөлүнөт.
  • Сары-Ой айылынын жаштарын “Радуга” эс алуу борборунда андан аркы ишке орноштуруу менен ар түрдүү адистиктерге окутуу.
  • ЖОЖдордун студенттерин жана кесиптик лицейлердин окуучуларын “Радуга” эс алуу борборунун ар кайсы кызматтарында практикадан өткөрүү.
  • Сарый-Ой орто мектебине материалдык жардам: 2013-жылы телевизорлор, 2014-жылы заманбап компьютер берилген, андан сырткары дайыма материалдык жардам берилип келет.
  • Айылдын таланттуу спортчуларын жана спорттук командаларын материалдык жактан колдоо.

“ТАЗА ТИШТЕР – ДЕН СООЛУКТУН НЕГИЗИ” КАЙРЫМДУУЛУК ДОЛБООРУ

  • “Радуга” эс алуу борбору ар жылы “Таза тиштер” долбооруна спонсор катары катышып келет. Кыргыз Республикасынын мыкты клиникаларынын бири болгон «Стоматология Sun City» компаниясынын жамааты Ысык-Көл облусунун тургундарына тиштерди дарылоо жана профилактика жүргүзүү боюнча бекер медициналык жардам көрсөтүп келет.

КООМДУН АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ЖАНА ЖАКЫР КАТМАРЫН КОЛДОО

  • Жетим балдарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, Улуу Ата Мекендик согуштун жана Афган согушунун ардагерлерине, даректүү материалдык жардам, ошондой эле Жаңы жыл, Нооруз, Улуу Жеңиш майрамдарына, Карылар күнүнө, Балдарды коргоо күнүнө карата материалдык жардам. Балдар үйүнө материалдык жардам.
  • 2013-жылы аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөлөргө «Sharp» маркасындагы 58 телевизор таркатылган.
  • 2020-жылдагы пандемия учурунда Сары-Ой айылынын фельдшердик-акушердик пунктуна 2 оксигеногенератор берилген, калкты КОВИД-19 дан сакайтуу максатында 2 000 доллар өлчөмүндөгү каражат бөлүнүп берилген жана айылдын тургундарына 100 мүшөк ун таратылып берилген.

“Радуга” эс алуу борбору социалдык жоопкерчилик принциптерин карманып, Ысык-Көл облусунда жайлуу социалдык-экономикалык чөйрөнү түзүүгө салымын кошуп келет. Бул:

  • Жергиликтүү тургундар үчүн жумуш орундарын түзүү. Жумуш орундарды бөлүштүрүүдө жергиликтүү тургундарга артыкчылыктар берилет. Жайкы мезгилде “Радуга” эс алуу борборунда 300 дөй адам иштесе, анын 95% жергиликтүү тургундар, административдик курамдын 70% дагы жергиликтүү тургундар.
  • Жергиликтүү айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү колдоо. Бардык эс-сүт азыктары, жашылча-жемиштер алгач ирет айылдын тургундарынан алынат.

“Радуга” эс алуу борбору руханий жана улуттук баалуулуктардын кайра жаралышын жайылтууга көңүл бурат, жаштарды окутууга жана тарбиялоого каражат жумшайт, аз камсыз болгон жарандарга жана калктын жакыр катмарларына жардам берет. Ошону менен бирге биз кайрымдуулук иши социалдык жатып ичерликти жаратпашы керектигин түшүнөбүз. Колдоо көрсөтүү менен биз узак мезгилдик социалдык өнөктөштүктү максаттайбыз.